Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 17-августу № 5/2
“Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердеги, балдар бакчаларындагы ремонт иштеринин жүрүшүнүн абалы жөнүндө”
Жоош айылдык кеңешинин депутаты Н.Раманованын докладын угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердеги, балдар бакчаларындагы ремонт иштеринин жүрүшүнүн абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерге бөлүнгөн акча каражаттарын тез арада бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысына тапшырылсын жана Токтогул атындагы орто мектебине Ош жана Жалал-Абад облустарын кайра калыбына келтирүү департаменти тарабынан келген курулуш материалдарын тез арада иштетүү жагы мектептин директоруна милдеттендирилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнө мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө жагы тапшырылсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|