Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 17-августу № 5/3
“Ар түрдүү маселелер (“Мөлтүр Тамчы”, “Акылман бөбөк”, “Ак Байчечекей” балдар бакчаларында өткөрүлгөн ата-энелер чогулушунун протоколдорун кароо) жөнүндө”
2013-жылдын 23-июлундагы “Мөлтүр Тамчы”, 2013-жылдын 19-июлундагы “Акылман бөбөк”, 2013-жылдын 20-июлундагы “Ак Байчечекей” балдар бакчаларында өткөрүлгөн ата-энелер чогулушунун протоколдорун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 23-июлундагы “Мөлтүр Тамчы”, 2013-жылдын 19-июлундагы “Акылман бөбөк”, 2013-жылдын 20-июлундагы “Ак Байчечекей” балдар бакчаларында өткөрүлгөн ата-энелер чогулушунун негизинде ай сайын төлөнүүчү ата-энелер төлөм акысы 650 сомго көтөрүү жөнүндөгү протоколунун токтому бекитилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ-нө ай сайын төлөнүүчү ата-энелер акысын эсептеп, аны чыгымдоо жагы банк аркылуу жүргүзүлүүсүн көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|