Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 17-августу № 5/3-1
“Ар түрдүү маселелер (2013-жылдын 25-майында Ак-Жар айылынын жаштарынан түшкөн арызды кароо) жөнүндө”
2013-жылдын 25-майында Ак-Жар айылынын жаштарынан келип түшкөн арызды угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 25-майындагы Ак-Жар айылынын жаштары жазган арызда көрсөтүлгөн бак Жоош айыл өкмөтүнүн фондунун жери болгондугуна байланыштуу 0,50 га жери 2013-жылдын 4-июлунда Алмамат уулу Бекмаматка 5 жылга ижарага берилгендиктен Алмамат уулу Бекмаматтын пайдалануусуна калтырылсын. Ал эми калган жер аянты Ак-Жар айылынын жаштарына бак тигүү үчүн келишимдин негизинде ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|