Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 17-августу № 5/3-2
“Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы КЛ-59 жалпы эмгек жамаатынын чогулушунун токтомун кароо) жөнүндө”
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы КЛ-59 окуу жайынын эмгек жамаатынын 2013-жылдын 18-июнундагы өткөрүлгөн чогулушунун токтомун социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып өткөрүлгөн заседаниенин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренсине ылайык административтик-аймактык бирдиктерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, шаарларды, шаар тибиндеги поселокторду, айылдарды жана айылдарга тиешелүү обьекттерди адамдардын аты менен атоого жана кайра атоого тыюу салынгандыктан № 59 кесипчилик-техникалык окуу жайына К.Ажибаевдин атын коюу мүмкүн эместиги белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|