Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 17-августу № 5/3-3
“Ар түрдүү маселелер (Гайрат айылындагы жаңыдан уюшулган “Нураида” балдар бакчасынын жетекчиси Н.Бийназарованын жана Коммунизм айылындагы “Бал тамчы” балдар бакчасынын жетекчиси З.Абдымомунованын жазган арыздарын кароо) жөнүндө”
Жоош айыл өкмөтүнүн Гайрат айылындагы жаңыдан уюшулган “Нураида” балдар бакчасынын жетекчиси Н.Бийназарованын жана Коммунизм айылындагы “Бал тамчы” балдар бакчасынын жетекчиси З.Абдымомунованын жазган арыздары социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып өткөрүлгөн заседаниенин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Гайрат айылындагы жаңыдан уюшулган “Нураида” жана Коммунизм айылындагы “Бал тамчы” балдар бакчаларына 3 фазалуу электр линиясын орнотуу үчүн чыгымдалуучу акча каражатын Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүү жагы ФЭБ башчысы Н.Кадыровага жана айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|