Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 17-августу № 5/3-4
“Ар түрдүү маселелер (Агартуу айылынын айыл башчысы Ж.Акышовдун жана Агартуу айылынын тургуну С.Сарыбаеванын арызын кароо) жөнүндө”
Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу айылынын айыл башчысы Ж.Акышовдун жана Агартуу айылынын тургуну С.Сарыбаеванын арыздарын экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып өткөрүлгөн заседаниенин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу айылында жайгашкан ФАПтын жана навестин өтө начар абалда экендигин эске алып аны иликтөө үчүн комиссия курамын түзүү жагы Жоош айыл өкмөтүнө тапшырылсын жана айылдык кеңештин кезектеги отурумуна комиссиянын корутундусу сунуш кылынсын.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу айылында курулган мончо ПРООНдун, айыл өкмөтүнүн жана жамааттын салымдарынын негизинде курулуп Жоош айыл өкмөтүнүн балансасына алынгандыктан мончону жеке менчикке берүүгө мүмкүн эместиги белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|