Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 17-августу № 5/3-5
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Мамажан айылынын тургундарынан коллективдүү түшкөн арыздарын кароо боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургундарынан коллективдүү түшкөн арыздарын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын Гараж көчөсүнө Аттокуров Быкыбайдын аты берилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын Почта көчөсүнө Шаболотов Болуштун аты берилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айлынан түшкөн коллективтүү арыздардын калганы көчөгө ат коюу маселеси боюнча талаш-тартышты жараткандыгына байланыштуу эл арасында ынтымакты сактоо максатында кайра кароого жөнөтүлсүн жана Мамажан айылынан шайланган депутаттарга арыздарды кароо жагы милдеттендирилсин.
4. Аттокуров Быкыбайдын жана Шаболотов Болуштун аттары коюлган көчөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жолдоруна шагыл төгүп оңдоо, дарактарын актөө жагы балдарына жана бир туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|