Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 17-августу № 5/3-7
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Кызыл-Кошчу айылынын элинин атынан келип түшкөн арызды кароо жөнүндө)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кошчу айылынын тургундарынын жазган арызын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кошчу айылындагы мурдагы Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин эски имаратын айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган сметанын негизинде капиталдык ремонттон өткөрүп балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Суралсын Кара-Суу райондук элге билим берүү бөлүмүнөн жаңыдан ачыла турган балдар бакчасына штаттык бирдиктерди чечип берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|