ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 13-ноябры № 6/1
“Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясынын жана мамлекеттик сорт сыноочу участогунун аткарып жаткан иштери жөнүндө”
Жоош айылдык кеңешинин депутаты Р.Ашировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясы боюнча комиссиянын берген билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясынын ишмердүүлүгүн карап чыгуу боюнча атайын комиссия түзүлсүн жана комиссиянын билдирүүсү айылдык кеңештин кийинки сессиясында кайра каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|