ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 13-ноябры № 6/2
“Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен алынуучу аренда акы, жер салыгы, соцфонддун төлөнүшүнүн абалы жана көп жылга ижарага берүүнүн абалы жөнүндө”
Жоош айылдык кеңешинин депутаты Р.Ашировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен алынуучу аренда акы, жер салыгынын төлөнүшүнүн абалы жакшы жолго коюлгандыгына байланыштуу ай сайын план-тапшырмалардын аткарылышын эске алуу менен канааттандыраарлык деп белгиленсин. Ал эми соцфондко болгон төлөмдөрдүн абалын жакшыртуу менен соцфондко кат берүүнү эске алып соцфондко болгон төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүүсүн жетекчиликке алуу жагы Жоош айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин көп жылга ижарага берүүнү иретке келтирүү, өз убагында аукциондорду өткөрүү жана ижарачылар менен келишимдерди түзүп ижарачыларга жеткирүү жагы Жоош айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|