Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 13-ноябры № 6/3
“Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 9 айынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”
Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Кадырованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин 9 айынын планынын аткарылышы канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2012-жылдын калдыгынын эсебинен проекттер үчүн каралган 460,0 миң сом акча каражаты Токтогул орто мектебинин айланасын тосуу үчүн 123,0 миң сом, Большевик айылындагы таза суу түтүкчөсүн оңдоо үчүн 150,0 миң сом, Ак-Жар айылындагы мектепти жасалгалоо үчүн кошумча 100,0 миң сом, Большевик айылындагы оорукананын электр зымдарын оңдоо үчүн 17,0 миң сом, ит атуу үчүн 10,6 миң сом, Кызыл-Сарай айылындагы жаңы көчөлөргө зым тартуу үчүн 60,0 миң сом, Мамажан айылындагы балдар бакчасына 15,0 миң сом, Сматов орто мектебине 20,0 миң сом, Агартуу айылындагы балдар бакчасына 20,0 миң сом, Зарбалик айылындагы ФАПка 30,0 миң сом сарпталсын. Ал эми Кызыл-Кошчу балдар бакчасын оңдоо үчүн каралган 100,0 миң сом акча каражаты: жаңы ачылган Гайрат жана Коммунизм айылдарындагы балдар бакчаларына көмүр алуу үчүн 30,0 миң сом, эмеректери үчүн 45,0 миң сом жана башка чыгымдар үчүн 25,0 миң сом сарпталсын.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн 2013-жылга каралган бюджетинен иштетилбей ашып калган акча каражатынын эсебинен 270,0 миң сом акча каражаты Коммунизм мектебинин проектисине ажыратылып берилсин.
4.Жоош айыл окмотунун 9 айда аткарылбай калган бюджетинин жана социалдык-экономикалык онугуу планынын аткарылышын камсыз кылуу жагы Жоош айыл окмотунун ФЭБ башчысы Н.Кадыровага жана Жоош айыл окмотунун башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердуулук боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|