Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 13-ноябры № 6/4
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Мамажан айылынын тургундарынан коллективдүү түшкөн арыздарын кароо боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургундарынан коллективдүү түшкөн арыздарын социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияда карап 2013-жылдын 3-ноябрында өткөрүлгөн комитеттин жыйынынын № 6, № 7, № 9 протоколдорун угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын Жаштар көчөсүнө Асанов Авазбектин аты берилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын Магазин көчөсүнө Досбаев Жоробайдын аты берилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын 2-Жаштар көчөсүнө Култаев Тажибайдын аты берилсин.
4. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын ХХ1-кылым көчөсүнө Бакыев Төлөндүн аты берилсин.
5. Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын Мечит көчөсүнө Айтиев Абдираимдин аты берилсин.
6. 2002-жылдын 12-июлундагы Жоош айылдык кеңешинин 2-чакырылыш № 11/6 чечиминин негизинде Мамажан айылынын борбордук көчөсүнө Жолдошов Апсаматтын аты коюлуп берилген токтом өз күчүндө калтырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|