Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VI-сессиясы
2013-жылдын 13-ноябры № 6/4-1
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Мамажан айылынын тургуну Жоробаев Камчыбектин арыздарын кароо боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну Жоробаев Камчыбектин арыздарын айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияда карап кабыл алынган билдирүүнү угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну Жоробаев Камчыбектин жазган арызы боюнча Ак-Жар участкасынын этегиндеги 13 га жер тилкеси Жоош айыл өкмөтүнүн балансасында жайыт жер болуп катталгандыгына байланыштуу ал жерди трансформациялоого болбой тургандыгы белгиленсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну Жоробаев Камчыбектин жазган арызы боюнча Мамажан айылындагы салынган үйлөр жолго чыгып кеткендигине байланыштуу аларды тартипке келтирүү жагы Жоош айыл өкмөтү жана райондук архитектура башкармалыгы карай турган маселе экендиги белгиленсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну Жоробаевдин Камчыбектин жазган арызы боюнча Большевик айылындагы соода үйү Манасова Айзаданын жеке менчиги болгондуктан бул маселени чечүү Жоош айылдык кеңешинин компетенциясына кирбегендиги белгиленсин.
4. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бирдик айылынын 2013-жылдын 15-сентябрында өткөрүлгөн элдик чогулушунун токтомунун негизинде мечиттин аты “Бирдик айылдык мечити” деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|