Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 13-ноябры № 6/4-2
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (“Султан-Наз” суу пайдалануучулар ассоциациясына кепилдик берүү боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Султан-Наз” суу пайдалануучулар ассоциациясына эксковатор түрүндө алынуучу техникалык кредитке кепилдик берүү боюнча Жоош айыл өкмөтүнүн кепилдик катынын негизинде айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияда карап кабыл алынган билдирүүнү угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин алдында “Султан-Наз” СПА алуучу техникалык кредиттин 50 пайызын келишимде көрсөтүлгөн шарттар боюнча төлөп берүүсүнө кепилдик берилсин.
2. “Султан-Наз” СПА алуучу техникалык кредиттин 50 пайыз карызын же карыздын бир бөлүгүн төлөбөй калса Жоош айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ушул максатка каралган каражатынын эсебинен жылына 20 пайыздык төлөө менен карызды төлөө жагы милдеттендирилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Козуевге келишимге кол коюу жагы тапшырылсын.
4. Эгерде келишимде көрсөтүлгөн милдеттерди “Султан-Наз” СПА аткара албай калса алынган техника айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|