Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VI-сессиясы
2013-жылдын 13-ноябры № 6/4-3
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 22.10.2013-ж. № 025/08/1834/1484 катын кароо боюнча)”
17.10.2008-жылдагы № 231 Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын салык кодексин аракетке киргизүү боюнча” мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүкчөсүнүн негизинде жер жана мүлк салыктарын 01.01.2014-жылдан айыл өкмөтүнүн аймактык территориясына киргизүү боюнча эскертме катты айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияда карап кабыл алынган билдирүүнү угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштап мүлк жана жер салыктын түрлөрүн киргизүү кийинки сессияларга калтырылсын.
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|