Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VI-сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 7/1
“Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик сорт сыноочу участогунун аткарып жаткан иштери жөнүндө”
Жоош айылдык кеңешинин депутаты Ш.Жусуповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик сорт сыноочу участогунун аткарып жаткан иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Кара-Суу комплекстүү мамлекеттик сортторду сыноо участогунун директору Ж.Садиров айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан, фермер чарбаларды жогорку сапаттагы сыноодон өткөн үрөндөр менен камсыздоо, мекеме жайгашкан айылдагы жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын аярлуу катмарына айыл өкмөтү менен биргеликте өндүрүлгөн сапаттуу үрөндөрдөн арзан наркта берүү, колунда жокторго бекер таркатуу жагы сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|