Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VII-сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 7/2
“Айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Абзел” ИСКАКБ, “Султан-Наз”, “Сарай-Суу” СПАлардын аткарып жаткан иштери жөнүндө”
Жоош айылдык кеңешинин депутаты Ө.Жоробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Абзел” ИСКАКБ, “Султан-Наз”, “Сарай-Суу” СПАлардын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Элди таза суу жана агын суу менен камсыз кылуу жагы “Абзел” ИСКАКБ (Эргешов Т.), “Султан-Наз” (Жээнбаев К.), “Сарай-Суу” (Туркбаев У) СПАларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Ал эми соцфондко болгон төлөмдөрдүн абалы жакшы абалда эместигин эске алып соцфондко болгон төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүүсүн жетекчиликке алуу жагы “Абзел” ИСКАКБ (Эргешов Т.), “Султан-Наз” (Жээнбаев К.), “Сарай-Суу” (Туркбаев У) СПАлардын жетекчилерине тапшырылсын.
4. Айылдардагы жол боюндагы жана үйлөрдөгү колонкаларга винтильдерди орнотуп таза сууну коромжуга учуратпоону кыскартуу, таза суу келүүчү линиядагы трубалардагы тешиктерди өз убагында оңдоо жана таза сууга өз учурунда хлор салып туруу жагы “Абзел” ИСКАКБ жетекчисине Т.Эргешовго тапшырылсын.
5. Элди агын суу менен камсыз кылууда каналдарды өз убагында ремонттон өткөрүү, суу өлчөгүчтөрдү, отводдогу дарбазаларды оңдоо жана элдин эгиндерин сугарууда агын сууну өз убагында камсыз кылуу “Султан-Наз”, “Сарай-Суу” СПАлардын жетекчилери К.Жээнбаевге жана У.Туркбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|