Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VII-сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 7/3
“Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы ГСВ жана ФАПтардын, маданият кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө”
Жоош айылдык кеңешинин депутаты Н.Раманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы ГСВ жана ФАПтардын, маданият кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Жоош айыл окмотунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Т.Таева жана ФАПтардын жетекчилерине:
- айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин саламаттыгын сактоо үчүн медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу;
- калктын аз камсыз болгон катмарына, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга даректүү жардам, колдоо көрсөтүү, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иш чаралар иштелип чыгып аткарууга алуу;
- бир жашка чейинки балдарды өз убагында каттоого алуу, вакцина берүүнү, эмдөөлөрүн өз убагында жүргүзүү;
- мектептер менен тыгыз байланышта иш алып баруу;
- медициналык мекемелердин ремонтун жана айланасынын антисанитардык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү, мекемеге тиешелүү жер аянтына мамлекеттик акт алуу;
- биринчи жардам көрсөтүлүүчү дары-дармектерди өз убагында камсыздоо;
- медициналык мекемелердин жылытуу системаларын иретке келтирүү;
- 1 жашка чейинки балдардын өлүмүн кыскартуу, кош бойлуу энелерге пайдалуу кеңештерди берүү, аз кандуулук, туберкулез, астма, ВИЧ/СПИД оорусу менен ооруган атуулдарды өз убагында медициналык кароодон өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Жоош айылдык маданият үйүнүн (Абдуллаев Ж.), Калинин айылдык маданият үйүнүн (Сапаралиев А.), Кызыл-Кошчу айылдык маданият үйүнүн (Кочкоров Т.) директорлору:
- жылдык иш-пландарды толук жана так түзүү, ар бир ийримдин жетекчилери календарлык иш-пландарды иштеп чыгуу жана журналдарды уюштуруу, маданий мекемени инвентарлар менен камсыздоо үстүндө иштөө, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаш таланттарды өнүктүрүү, маданий кечелерди уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
4. Жоош айыл өкмөтүнүн филиал № 32 китепканасынын башчысы З.Балтабаевага жылдык иш-пландарды түзүү, окурмандардын санын көбөйтүү, инвентарлар менен камсыздоо жана китепканага байланышкан маданий иш-чараларды өткөрүүнү колго алуу жагы милдеттендирилсин.
5. Жоош айыл өкмөтүнүн тарыхый музейинин директору П.Мавляновага жылдык иш-пландарды түзүү, музейдеги инвентарларды жаңылоо, анын ремонту боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жуктоосун.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|