Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VII-сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 7/4-1
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Мамажан айылынын тургуну Жоробаев Камчыбектин жана Мамажан айылынын тургундарынын арыздарын кароо боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну Жоробаев Камчыбектин жана Мамажан айылынын тургундарынын арыздарын айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияда карап кабыл алынган билдирүүнү угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну Жоробаев Камчыбектин жана Мамажан айылынын тургундары жазган арызы боюнча айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияда каралып арызда көрсөтүлгөн маселени чечүү жагы Жоош айыл өкмөтүн жана “Султан-Наз” СПАсына милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|