Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VII-сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 7/4-2
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө Зарбалик айылынын тургундарынан түшкөн арызды, жалпы элдик жыйындын протоколун кароо боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Гайрат, Зарбалик айылынын тургандарынын 2013-жылдын 17-декабрындагы жазган арызын жана 2013-жылдын 15-декабрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколу айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияда карап кабыл алынган билдирүүнү угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Гайрат айылына 2.0 га, Зарбалик айылына 2.0 га жер аянты жаңы мектептин имаратын куруу үчүн ажыратылып берилсин. Бул маселе калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн сугат жерлерди трансформациялоо боюнча маселе чечилгенде карала тургандыгы белгиленсин жана жерге тиешелүү болгон иш кагаздарын бүткөрүү жагы Жоош айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
2. Зарбалик айылындагы эски мазардын ордуна мечит курууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|