Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VII-сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 7/4-3
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Кадырованын билдирүүсүн кароо боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсү экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияда карап кабыл алынган билдирүүнү угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2013-жылга ЖКХ бөлүмүнүн 706 статьясында каралган таза суу чыгаруу үчүн бөлүнгөн 150,0 миң сом акча каражаты 2013-жылы иштетилбегендигине байланыштуу 70111-болумуно 28213100-статьясынын соцфонд төлөмдөрүнө төлөө үчүн 100,0 миң сом, 70629-болумунун 22156900-статьясынын ичинде Кызыл-Сарай айылынын электролиниясына 20,0 миң сом, Төрөбеков орто мектебинин жасалгасына 25,0 миң сом, ар түрдүү чыгымдарга 5,0 миң сом акча каражаты чыгымдалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|