Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VII-сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 7/4-4
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Кадырбековдун билдирүүсүн кароо боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Кадырбековдун билдирүүсү айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияда карап кабыл алынган билдирүүнү угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суулуу жерлерге үй салууга тыюу салуу жөнүндөгү мораторий жарыяланып, Жоош айыл өкмөтүнүн атуулдарына 2005-жылдан бери үй салуу үчүн жер аянты ажыратылбай келгендиктен үй салуу үчүн арыз менен кайрылган атуулдардын саны 2000 ден ашты. Бүгүнкү күндө үй салуу үчүн жер ажыратып берүү маселеси жаштар арасында өтө курч абалда калууда. Ошондуктан бул маселени чечүү максатында Жоош айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынан 51,8 га, Бирдик айылынан 20,0 га айылды кеңейтүү үчүн калтырылган кайрак жер аянты Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы атуулдарга үй салуу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Ак-Жар айылынан 51,8 га, Бирдик айылынан 20,0 га кайрак жер аянтына тиешелүү болгон трансформация маселелерин чечүү жана тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Жоош айыл өкмөтүнө жана жер адиси И.Кадырбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|