Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 7/4-5
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Мамлекеттик классификатордо катталып, бирок иш жүзүндө жок Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бирдик айылына айыл статусун берүү боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2013-жылдын 20-декабрындагы № 1 протоколу айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияда карап кабыл алынган билдирүүнү угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бирдик айылына айыл статусу берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|