Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги V-сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 7/4-7
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бирдик айылына айыл статусун берүү боюнча)”
Бирдик айылы Жоош айыл өкмөтүнүн иш жүзүндө бар, бирок мамлекеттик классификатордо катталбагандыгына байланыштуу, Жоош айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2013-жылдын 20-декабрындагы № 1 протоколу айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияда карап кабыл алынган билдирүүнү угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги V11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүн иш жүзүндө бар, бирок мамлекеттик калссифкатордо катталбаган Бирдик айылына айыл статусу берилсин.
2. Ушул токтомду карап берүү жагы Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|