Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айылдык Кеңешинин V чакырылышынын V-сессиясы
2014-жылдын 28-апрели № 3
“Кара-Коюн айыл аймагында Көчүп-конуу айдап-себүү маселелери боюнча элдик жыйында бекитилген тарифтерди карап чыгуу менен Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Малчылар 1-майдан калбай ортоңку жайлоого, 10-июндан калбай алыскы жайыттарга көчүрүлсүн.
2.Бир короо койдун саны 700 баштан ашпасын.
3.Бел-Кара-Суу, Ичке жайлоолоруна жайлаган малчылар 25сом, Арпа, Ак-Сай жайлоолоруна жайлаган малчылар 30 сомдон багышсын.Жайыт акы төлөө милдети малчыларга жүктөлсүн, бул тариф 3 жылга бекитилсин.
4.Малчы менен мал ээсинин ортосунда жайыт комитетин кошуп үч тараптуу келишим түзүлсүн, келишими жок малчы менен мал ээсинин арыз- даттануулары каралбасын.
5.Алыскы жана ортощку жайыттардан малчылар 2014-жылдын 1-октябрына чейин жакага түшүшпөсүн.
6.Эрте түшкөн бодо малдын ээлерине 3 күн мөөнөт берилсин, кайра жеткирбесе мал башына 500 сомдон айып-пул салынсын.
7.Кочкорлор «Ботоштун» башына калтырылсын, ар бир башына 60 сомдон төлөнүп берилсин, кочкорчуга «Ботошту» бөтөн малдан коруу жагы милдеттендирилсин, 10 уй, 1 үйүр жылкы алып калып саап ичкенге уруксаат берилсин.
8.Чөптүн 1 га сы - 1000, 1 га жерди айдоо – 800, 1 га жерди тырмоо – 300 сом болуп бекитилсин.
9.Сугат сууга 1 гектарына 500 сомдон төлөнсүн.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жайыт комитетине, Аксакалдар сотуна, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Кара-Коюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Карагулов
|