Редакцияот 11.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК  КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Коюн  айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI-сессиясы

 

2014-жылдын 11-августу № 3

“Айыл аймагында күзгү көчүп-конууну жөнгө салуу максатында айыл аймагынын айылдык Кеңеши”

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күзгү оруп жыюу өнөктүгү бүткөнчө Кызыл-Туу жана Кара-Булуң айылдарынын алыскы жана ортоңку жайыттагы малчылары 2014-жылдын 1-октябрына чейин жакага түшпөсүн.

2.Малчыларды бул мөөнөткө чейин көчүп келбесин эскертүү жагы айыл аймагынын жайыт комитетине милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.

 

Кара-Коюн айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М.Карагулов