Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айылдык Кенешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2014-жылдын 23-октябры № 2
“Кара-Коюн айыл аймагында жер салыгын жана 1.2.3.4. тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү, зоналдык коэфициентти кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун Кара-Коюн айыл аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2015-жылдын 1-январынан баштап Кара-Коюн айыл аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин;
-айыл-чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, калк конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы,
-1,2,3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы.
2.Кз-зоналдык коэффиценти 1,0 өлчөмдө бекитилсин.
3.Салыктык эсептер Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жүргүзүлсүн.
4.Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтом 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
6 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Кара-Коюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Карагулов
|