Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айылдык Кенешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2014-жылдын 23-октябры № 6
“Кара-Коюн айыл аймагындагы 2014-жылга карата суунун тартыштыгынан күйүп кеткен жана сугарылбай калган жерлер боюнча жер адис Абдраимов Урандын маалыматын карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Коюн айыл аймагындагы 2014-жылга карата суунун тартыштыгынан 10 гектар дан эгин аянты күйүп кетти. Мунун ичинен 1 га буудай, 9 га арпа. 38 га арпа данга чабылды. 2668га айдоо жерден 833 га жер сугарылып 1835гектар жер сугарылбагандыктан 1418гектар чөп аянты күйүп тоют алынбай жана 46 га дан эгин чөп катары чабылгандыгы белгиленсин.
2.Жогорудагы күйүп кеткен жана сугарылбай тоют алынбай калган жерлердин ээлерине мыйзам чегинде ар кандай жещилдиктерди(жер салыгынан ж.б) берүү жагын райондук мекемелерге сунуштоо жагы жер адиси У.Абдраимовго жана Г.Таштанбековага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Кара-Коюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Карагулов
|