Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айылдык Кенешинин V чакырылышынын VI-сессиясы
2014-жылдын 23-октябры № 8
“Кара-Коюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебине «Чайна-Роуд» ишканасынан келип түшкөн акча каражатын пайдалануу максатында айыл аймагынын айылдык Кеңеши”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебине «Чайна-Роуд» ишканасынан келип түшкөн акча каражат төмөндөгүдөй максатта жумшалсын:
-Кызыл-Туу, Кара-Булуң айылдарына таза суу АРИС-2 долбоорунун өздүк салымына -130,0 - Жаңы түзүлгөн «Асык-Чагалдак» СООППВсына керектелүүчү
Шаймандарды алууга | 10,0 миң сом |
-Таза суу жана сугат суу иштеринин ачылыш аземине | 300,0 миң сом |
-Кызыл-Туу айылынын жаңы конуштарына трансформатор | 100,0 миң сом |
-Кызыл-Туу клубунун ФОЙЕсинин ремонтуна | 137,1 миң сом |
-Кызыл-Туу клубунун ФОЙЕсинин мебель алууга | 150,0 миң сом |
-Кызыл-Туу айылына мини-футбол аянтчасын жана күрөш залын курууга | 2 000,0 млн сом |
-Айыл өкмөттүн кызматерлерине ноутбук, принтер | 35,0 миң сом |
-Кызыл-Туу бала-бакчасына жылуу пол салууга | 200,0 миң сом |
-К.Керималиев мектебине отканасына от казан алууга | 150,0 миң сом |
-К.Керималиев мектебинин дааратканасынын курулушуна 5% өздүк салым үчүн | 39,6 миң сом |
-К.Керималиев мектебинин дааратканасынын АПУсуна | 4,8 миң сом |
-Таза-суу долбоорунун АПУсуна | 2,2 миң сом |
-Кызыл-Туу айылынын кондитердик цехине электр Жабдыктарын алууга | 5,0 миң сом |
-Эки айылдын таштандысын түрттүргөнү ГСМ алууга | 5,0 миң сом |
-Айыл өкмөттүн кызматтык унаасына тетиктерди алууга | 45,0 миң сом |
-Кара-Булуң айылына таза суу линиясы өтпөгөн көчөлөргө кошумча суу түтүктөрүн курууга | 556,3 миң сом |
-Кара-Булуң айылына ПРООН тарабынан келүүчү үрөөн Тазалагычка өздүк салым үчүн | 100,0 миң сом |
-Кара-Булуң айылына эксковатор алууга | 2 000,0 млн сом |
-Кара-Булуң мектебине «Манас» китеп алууга | 20,0 миң сом |
-Кара-Булуң бала-бакчасына принтер алууга | 10,0 миң сом |
Жалпысы: | 6000,0 мин сом |
2.Бул бөлүнгөн акча каражатын өз убагында которуп берүү, камсыз кылуу жагы Ф.Токушевага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Кара-Коюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Карагулов
|