Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 31-июлу № 114/14-6
“Талас шаарындагы “Тенир колдо” реабилитациялык борборуна
жер бөлүп берүү жөнүндө”
2014-жылдын 15-апрелиндеги №35 сандуу Талас шаарындагы “Тенир колдо” реабилитациялык борборунун жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата энелеринин кайрылуу катын жана Талас шаардык кенешинин Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушунун негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Талас шаарындагы ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана алардын ата энелерин социалдык жактан камкордукка алуу максатында Талас шаарынын аймагынан курулуш курууга 0,2 га жер тилкесин бөлүп берүү жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.С.Киргабаков) милдеттендирилсин.
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Осмонов. Н. К.) тапшырылсын.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |