Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 115/14-6
“Талас шаарынын 2013-жылга карата жергиликтүү бюджетинин”
аткарылышы жөнүндө”
Талас шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Талас шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын официалдуу трансферттерди жана атайын каражаттарды кошкондо кирешелер боюнча 141803,9 миң сом суммасында анын ичинде мамлекеттик салыктар жана жыйымдар 75764,9 мин сом көлөмүндө жана жалпы чыгашалар боюнча 141025,6 мин сом суммасында бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык «Жаны багыт» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |