Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2009-жылдын 16-апрелиндеги № 142 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2005-жылдын 28-декабры № 629
Кыргыз Республикасында турак жай мамилелерин бирдей укуктук жөнгө салууну камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан долбоорлордун негизинде Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин макулдашылган бирдиктүү долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча төмөнкүдөй курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
Иманалиев К.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу топтун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кадырбеков И.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Артыкбаев О.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Байсалов Э.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Гутниченко Л.В. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);
Тойбаев Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин шаар курулушу, архитектура жана техникалык нормага салуу башкармалыгынын начальни;
Раисова Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин техникалык нормага салуу, аккредитация жана илим бөлүмүнүн начальниги;
Лапко И.В. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай курулушу мамлекеттик департаментинин турак жай курулушу жана ипотекалык кредиттөө бөлүмүнүн башчысы;
Мамбетова С.С. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин үй-бүлө, аялдар жана балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
Тургунова Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Парламентаризм жана мыйзам чыгаруу борборунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Рыскулова Э.Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Парламентаризм жана мыйзам чыгаруу борборунун улук консультанты (макулдашуу боюнча);
Абдрахманова Н.И. - Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Абдразакова P.P. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин контролдоо-укук башкармалыгынын башкы адиси;
Токмолина Н.В. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин уюштуруу жана укуктарды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси.
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Премьер-министри | Ф. Кулов |