ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 31-июлу № 125/14-6
“Талас шаарында кафе ресторандардын, түнкү клубдардын иштөө убактысын жана ичимдиктерди сатуусун чектөө жөнүндө”
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 2014-жылдын 24-июлундагы № 01-1/818 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык ички иштер башкармалыгына түшкөн шаар тургундарынын арыз, кайрылууларынын негизинде, Талас шаарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлардын, кафе-ресторандардын жана түнкү клубдардын иштөө тартибин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 15-бөлүмүн жетекчиликке алып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши токтом кылат:
1.Талас шаарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлардын, кафе-ресторандардын жана түнкү клубдардын иштөө убактысына жана спирт ичимдиктерди сатууга чектөө киргизилсин.
2.Кафе-ресторандарда жана түнкү клубдарда түнкү саат 23.30.дан кийин ишин улантууга жана спирт ичимдиктерди сатууга катуу тыюу салынсын.
3.Тойлорду жана башка салтанаттуу иш чараларды өткөрүүдө фейерверктерди жардырууга кышкысын саат 21.00.го чейин, жайкысын 22.00.го чейин уруксаат берилсин.
4.Талас шаардык ички иштер башкармалыгы (К.А.Айтбаев) токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү иш чараларды иштеп чыксын.
5.Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиянын төрайымына (А.Ж.Ажибаева) тапшырылсын.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |