Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-апрели № 5/1
“Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы ички чарбалык каналынын баш курулмасын Өзгөчө кырдаалдао министрлигинин планына киргизүү боюнча”
Күн тартибиндеги каралуучу маселе боюнча 1-Май айылынын айыл башчысы Арзиев Максатбек төмөндөгүлөрдү билдириди:
Жолдош депутаттар, биздин 1-Май каналынын баш курулмасын өткөн жылдары Гүлчө дарыясынын ташкыны жеп кетип, каналга суу чыкпай калган. Азыр айылга суу келбей 176 кожолуктун 146 га сугат огороддоруна жана үлүш жерлерине суу келбей калды. Быйылкы жылдын кургакчылдыгын көрүп жатасыздар. Эгерде ыкчам чараларды көрбөсөк, бардык бак-дарактар, сепкен эгиндер куурап калуу коркунучу келип калды.
Аны өз күчүбүз менен кура албайбыз. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин планына киргизүү жагын сунуш кыламын.
Жарыш сөзгө: Депутаттар У.Абдазов, Т.Маназаровдор жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкулов чыгып, жолдош М.Арзиевдин сунушун колдошту жана ӨКМ тарабынан бөлүнүп берилүүчү габион торлорун 1-Май айылынын күчү менен коюу жагын өз мойнуна ала тургандыктарын билдиришти.
Айылдык Кенештин депутаттарынын жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловдун сунуштарын эске алып, Биринчи май каналынын баш курулмасын ыкчам калыбына келтирүү максатында
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы ички чарбалык каналынын баш курулмасын калыбына келтирүү иштерин аткаруу жагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго жана Корул айылдык Кенешинин коммуналдык иштер туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|