Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-апрели № 5/2
“Гүлчө-Корул-Суук-Дөбө автоунаа жолдорун ондоодо, мыйзамсыз тосуп алган жерлерди, ички жолдорду, тосмо курулуштарды жана жол боюндагы кашаларды алдыруу, тал-теректерди кыюу боюнча”
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө-Корул-Суук-Дөбө автоунаа жолдорун ондоодо, 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарындагы мыйзамсыз тосулуп алынган жерлердин, ички жолдордун кашаалары, жол боюндагы кашаалар жана тосмо курулуштар алдырылып, мыйзамсыз тосулуп алынган кашааларынын ичиндеги эгип алган тал-теректер жана башкалар көп жылдык өсүмдүк экендигине карабастан кыйдырылсын.
2. 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарындагы жолдорду кенейтүү боюнча иш алып бруу жагы, айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнүн жер адисине, айыл башчыларына, участкалык инспекторго, Тогуз мандаттуу Кен-Жылга шайлоо участкасынын, Жети мандаттуу Тогуз-Булак шайлоо участкасынын, Беш мандаттуу 1-Май шайлоо участкасынын депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянттарын чектеп, тиешелүү жерлерин тактап берүү жагы, Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго жана Корул айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Маназаров өз жоопкерчилигиме калтырамын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|