Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-апрели № 5/3
“Кен-Жылга айылындагы М.Маназаров атындагы негизги мектебинин айланасынын тосмосунун жыйынтыгы боюнча”
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Жылга айылындагы М.Маназаров атындагы негизги мектебинин айланасынын тосмосун тосууда Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен каржылануучу түрткү берүүчү гранттарды иштетүүдө «Арууке-Профи» ЖЧКына жана проектинин лидери Жетимишов Талант тарабынан орчундуу кемчиликтердин кетирилгендиги белгиленсин.
2. Мектептин айланасын тосуу үчүн бөлүнгөн акча каражатын пайдаланууда кайдыгерлик менен көңүл кош мамиле жасагандыгы үчүн, «Аруук-Профи» ЖЧКсы Т.Жетимишов бир жуманын ичинде кетирген кемчилдиктерин жойсун, калган 291,5 мин сомду ынтымакчылык менен мамилелелшип бюджетке кайтарсын. Аткаруу мөөнөтү келерки засеаданиеге 2013-жылдын 27-апрелинде жыйынтыкталсын.
3. 2013-жылга чейинки Түрткү берүүчү грант аркылуу бүтпөгөн обьектилерди тактоочу иш кагаздарын А.Жороев бир жуманын ичинде айылдык Кенештин заседаниесине тапшырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|