Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-апрели № 5/4
“Корул айыл өкмөтүнүн
Кең-Жылга айылынын тургуну Тороканова Калыйпанын
арызын канааттандыруу жөнүндө”
Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургуну Тороканова Калыйпанын Ж.Алимов мектебинин көмүрканасынын жанынан көрктөндүрүү үчүн жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө жазган арызын карап чыгып,
Корул айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургуну Тороканова Калыйпага Ж.Алимов атындагы орто мектебинин көмүрканасынын түштүк-батыш тарабынан айыл чарбасына жараксыз жеринин 0,05 га жер аянты көрктөндүрүү үчүн бөлүнүп берилсин жана жер салыктарын өз убагында төлөп туруу жагы К.Торокановага милдеттендирилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Жер салыгынын төлөмдөрүн өз убагында алып туруу жагы Корул айыл
өкмөиүнүн салык кызматкерине (Т.Оморовго) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|