Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-апрели № 5/5
“Кен-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасы боюнча”
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасында 2013-жылдын 11-апрелине карата 24 баш кой, анын ичинен 9 эне баш кой, 5 токту, 11 козу, 1 чон саан уй, 1 жашар торпогу көмөкчү чарбанын эсебинде экендиги белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинде көмөкчү чарбадагы малдарды караган чабанга эмгек акы жок болгондуктан, 2013-жылы алган койдун төлүнүн жарымы жана саан уйдун быйылкы торпогу Чамашов Шамшибекке 2013-жылдын эсебинен берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Ташкулого милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|