Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-майы № 7/2
“Корул айыл өкмөтүндөгү 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарындагы элдерди жайлоого көчүрүүнүн жыйынтыгы жана жайыттарды туура пайдалануу боюнча”
Корул айылдык Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүндөгү 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарындагы элдердин жайлоого көчүрүү боюнча айыл башчылар тарабынан жүргүзүлгөн иштер эске алынсын.
2.Жайыт жөнүндө мыйзамдын негизинде элдерди жайлоого көчүрүү жана күзүндө жайлоодон кайтып келүү, жайыттарды туура пайдалануу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы, 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы У.Абдразаковго, Кен-Жылга айылынын айыл башчысы К.Умаровго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|