Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIX-сессиясы
2013-жылдын 23-июлу № 9/2
“Корул айыл өкмөтүнүн Кен-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы бала бакчасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча”
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Корул айыл өкмөтүнүн Кен-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы бала бакчасынын башчысы Чамашова Разиянын бир топ алгылыктуу иштерди аткарып жаткандыгы канааттандырарлык деп табылсын.
2.Мектеп жашына чейинки бөбөктөр арасында богок, анемия, гепатит, ичеги –карын, ОРВИ жана башка жугуштуу оорулардын катталышына жол бербөө, алардын таралышын кыскартуу боюнча иш-чараларды көрүү жагы ФАП башчыларына жана С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын башчысы Р.Чамашовага милдеттендирилсин.
3.Балдар бакчасында билим алган ата-энеснинин камкордугунан ажырап калган, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана калктын аялуу катмары болгон аз камсыз көп балалуу үй бүлөнүн балдарына ар тараптан материалдык жана моралдык колдоолор үзгүлтүксүз уюштурулсун жана балдар бакчасынын жетишпестиктерди камсыздоо (даараткана куруу, өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыздоо, кир жуучу жай куруу, тамак бышыруучу печка) жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловдон суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|