Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-июлу № 9/1
“Корул айыл өкмөтүнүн ФПСтин чөп орунду жерлерин арендага
берүү жана айылдардагы ички жолдорду ачуу боюнча”
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө айыл өкмөтүндө жалпы 42 гектар жерден 15 гектар чөп орунду, 3 гектар кайрак айдоо элге аукцион аркылуу берилип, Шарипов Эркинбай тарабынан 15 мин сом төгүлгөндүгү белгиленсин.
2. Кен-Жылга айылынын тургуну Турганбаев Жанибекке 1996-жылдарда Тогузгун участкасындагы 1 гектар арендага берилген жерге, Тогуз-Булак айылындагы Осмондун жылгасында Осмонов Сади, Сакыев Жаанбай, Осмонов Алмазбектерге берилген 3 гектар 80 сотых госфондунун жерлерин ушул күнгө чейин өз алдынча пайдалангандыктан, ижара акысын айыл өкмөтү менен макулдашып, келишим түзүшүп, ушул күнгө чейинки аренда акыларын төгүшсүн.
3. Кен-Жылга айылындагы Токтобаев Бердибай менен Орозалиев Тойгонбайдын талаш жерлери 10 күндүн ичинде чечип бергенге макул болушпаса мыйзам чегинде чечилсин.
4.Тогуз-Булак айылындагы Аширов Калык К.Тайчабаров орто мектебинин социалдык объектилер курулат деген жерин Өмүрзаков Алмазбекке сатып жибергендигин, Корул айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтүнүн жер адиси, айыл башчысы мыйзам чегинде тактап чыгып, жыйынтыгын айылдык Кенешке билдирсин.
5. Арал участкасындагы айыл арасындагы жерлерди мыйзамсыз тосуп алган Кулматов Жолдубай, Кайкыев Тагай, Орозалиев Таалай, Тогузгун участкасындагы ички жолдорду тосуп алган Маматумаров Сыдык, Маматумаров Жумаалы жана башкалар 10 күндүн ичинде жарандар өтүүчү жолдорду ачып коюу жагы эскертилсин, аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго тапшырылсын.
6. Өз алдынча мыйзамсыз кайра бөлүштүрүү фондунун тосуп алган жерлерин тактоо жана калган 27 гектар жерди арендага берүүнү улантуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин. Жыйынтыгы жазуу түрүндө айылдык Кенешке билдирилсин.
7. К.Тайчабаров орто мектеби пайдаланып жүргөн Арча-Жылганын үстүндөгү ФПСтин жери айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шарипов тактап, кайрадан калыбына келтирилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн айылдарындагы ички жолдорду ачуу боюнча айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Эркинбай Шарипов тарабынан жакынкы аралыкта туруктуу комиссиялар менен биргеликте иш жүргүзүп, мыйзамсыз ээлеп алган жерлерди тактап, кайрадан калыбына келтирилсин жана ФПСтин жерлери боюнча 27 гектар жердин арендасын төгүү боюнча иш улантылсын. Жогорудагы жолдоштордун ФПСтин ижарага берилген жерлеринин акысын өндүрүү жагы Э.Шариповго түздөн-түз милдеттендирилсин жана талаш-тартыш жерлерди, ички жолдорду айыл башчылар менен биргеликте иш жүргүзсүн.
9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|