Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-июлу № 9/3
“Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча”
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл өкмтөнүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан бир топ уюштуруучулук иштер жүргүзүлүп, канааттандыраарлык экендиги табылсын.
2. Айыл өкмөтүндө физикалык жер салыгы планга 52,0 мин сом 100 пайызга, юридикалык жер салыгы 8,6 мин сом 100 пайызга, ыктыярдуу патент 22,0 мин сом 100 пайызга, тарнспорт салыгы 83,0 мин сом 100 пайызга, айыл чарбага жараксыз жер салыгы 20,0 мин сом 100 пайызга, КБФнун салыгы 7,3 мин сом 100 пайызга, кыймылсыз мүлк салыгы 0,5мин сом 100 пайызга, киреше салыгы 6424,8 мин сом 100 пайызга аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Корул айыл өкмөтүндөгү салык жана салык эмес жыйымдарды мындан ары да өз убагында топтоо жана план тапшырманы ишке ашыруу жагы салык кызматкери Т.Оморовго милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн айыл чарбасын ар тараптан интенсивдүү өнүктүрүүнүн чараларын көрүү, мал чарбачылыгын асылдандыруу боюнча алдынкы тажрыйбаларды практикалоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго жана ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча калкты тейлөөнү жакшыртуу жагы вет.адис К.Жетибаевге милдеттендирилсин.
5. 2013-жылга коюлган милдеттерди аткаруу боюнча түзүлгөн иш-чараларды турмушка ашыруу багытында Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бардык түрлөрү боюнча көрсөткүчтөрүн толтурууну камсыз кылуу, ишке болгон жоопкерчиликти жогорулатуу, эмгек тартибин чындоонун чараларын көрүү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго тапшырылсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|