Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-июлу № 9/5
“Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме -ишканаларда
кышка карата даярдык көрүү боюнча”
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагында 2013-2014-жылдарда кыш-күз мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн, айылдардагы электр чубалгыларына тийген бак-дарактарды тазалоо колго алынсын.
2. Алай РЭТИнын кызматкерлерине бак-дарактарды тазалоого жакындан жардам көрсөтүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Бюджеттик уюмдар керектеген электр, жылуулук энергиялары үчүн төлөп берүүлөр толук өлчөмдө жана артыкчылыктуулук тартибинде жүзөгө ашырылсын.
4. 2013-2014-окуу жылына карата мектептерде ремонт иштери сапаттуу бүткөрүлгөндүгү белгиленсин, М.Маназаров атындагы негизги мектебинин жана К.Тайчабаров атындагы орто мектебинин көмүрканасы кышка карата бүткөрүлсүн жана М.Маназаров, Ж.Орозов, Ж.Алимов мектептери өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыз болунуп, электр зымдары, электр жылыткычтары калыбына келтирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго жана билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|