Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-июлу № 9/6
“Алай райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиялык жыйынынын 15.03.2013-жылдагы
№ 22-к токтомунун аткарылышы боюнча”
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен каржылануучу түрткү берүүчү гранттарды иштетүүдө айыл өкмөтү тарабынан орчундуу кемчилдиктер кетирилгендиги белгиленсин.
2. 2009-жылдан бери бүтпөй келе жаткан Туюк көпүрөсү, Тогуз-Булак айылындагы ФАП, Олжоке айылындагы суу түтүгү жана А.Бекташов атындагы орто мектептин от казанын кайрадан реконструкция жасоо иштерин бүткөрүү боюнча туруктуу комиссиялар карап чыгып, бул иштер буга чейин органдар тарабынан каралып жаткандыктан, органдар аркылуу чечилүүсүн айылдык Кенештин заседаниесине сунуштайбыз.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго жана мыйзамдуулук жана укук тартибин чындоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Раев Өмүрбекке тапшырылсын
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|