Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-октябры № 11/2
“Корул айыл өкмөтүндөгү тоют топтоонун жыйынтыгы жана айылдардагы мыйзамсыз тосуп алган ички жолдордун ачылышы боюнча”
Корул айылдык Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарында тоют топтоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарындагы мыйзамсыз тосулуп алынган жерлердин, ички жолдордун кашаалары, жол боюндагы кашаалар айыл өкмөтүндөгү жооптуу кызматкерлер тарабынан эскертилгендин эске алуу менен, бир жуманын ичинде чечүү жагы агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кадыров Анарбайга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго жана агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кадыров Анарбайга милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Маназаров
|