Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 10/10
“Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Ленин көчөсүнө светофор койдуруу жөнүндө”
Гулчо айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 10-заседаниеси
Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Ленин көчөсүнө светофор койдуруу үчүн жазылган долбоорду карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Ленин көчөсүнө светофор койдуруу үчүн жазылган долбоорду карап чыгып үлүштүк (дем берүүчү)гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоорду көрсөтүлгөн өздүк салымы 215718 сомдун 50 пайызы 107859 сом акча каражаты Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировко милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |