Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 10/11
“Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 6 «Балбөбөк» балдар бакчасына ашкана жана азык-түлүк сактоочу жай куруу үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө”
Гүлчө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 10-заседаниеси Кыргыз Республикасынын үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 6 «Балбөбөк» балдар бакчасына ашкана жана азык-түлүк сактоочу жай куруу үчүн жазылган долбоорду карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 6 «Балбөбөк» балдар бакчасына ашкана жана азык-түлүк сактоочу жай куруу үчүн жазылган долбоорду карап чыгып үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 357559 сомдун 50% өздүк салымды эл жумушчу күчү менен камсыз кылат жана 50 пайызын 178 779 сом Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |