Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-майы №16/1
“Айыл башчыларынын элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк менен жүргүзгөн иштери жөнүндө”
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн айыл башчылары Акылбеков Абдибаит жана Раимбек уулу Абылгазынын “Элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк менен жүргүзгөн иштери” жөнүндөгү депутат Т.Эшмаматовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн айыл башчылары Акылбеков Абдибаит жана Раимбек уулу Абылгазынын элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк менен жүргүзгөн иштери айрым кемчиликтерди эске алып, канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл башчыларга калган элди жайлоого көчүрүүгө бир жума мөөнөт берилсин. Айылдык депутаттардын катышуусу менен белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүрүлсүн.
3. Жайлоого көчпөй , баш бербеген, терсаяктык кылгандарга башка жактан көп мал алып келип кыштоодон чыкпай баккандарга жазана салынсын.
4. Айыл башчылардын ишин көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Б. Садыковага тапшырылсын
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |