Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-майы №16/2
“Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө
тазалык боюнча жүргүзүлүп жаткан
иштердин абалы жөнүндө”
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айыл ичиндеги көчөлөрдүн тазалыгы жана сууга жакын курулган дааратканаларды жылдыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан
иштердин абалы жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты Сактанов Тагайдын маалыматын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айыл ичиндеги көчөлөрдүн тазалыгы жана сууга жакын курулган дааратканаларды жылдыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер канаатандырарлык деп белгиленсин
2. Айыл ичиндеги көчөлөрдүн тазалыгын сактоо жана сууга жакын курулган дааратканаларды жылдыруу керек экендигин жана ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу жолдору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айылдык “Ден соолук“ комитетинин торайымы К.Пазыловага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Садыковага тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |