Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-сентябры № 17/1
“Айыл өкмөтүндөгү мектептердин жаны окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө”
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү №25 Э. Мурзаев атындагы орто мктебинин жана Күңгөй баштооч мектебинин жаны окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө депутат
А. Жолдошованын даярдаган маалыматтарын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү №25 Э. Мурзаев атындагы орто мктебинин жана Күңгөй баштооч мектебинин жаны 2013-2014- окуу жылына карата даярдыгы канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Аталган мектептердин кышка карата даярдыктары боюнча камкордуктарды көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Садыковага жана мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мектеп директорлору З.Абдыкадыровага жана М.Акынбековага тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |